Бишкек епархиясында “Христиан адеби жана заманбап маданият” VI эл аралык пасхалык агартуу окуулары өтүп жатат

  13 апреля 2018   На русском
В Бишкекской епархии проходят VI Международные Пасхальные образовательные чтения «Христианская нравственность и современная культура»

2018-жылдын 12-14-апрелинде Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун аймагында “Христиан адеби жана заманбап маданият” VI эл аралык пасхалык агартуу окуулары өтүп жатат.

12-апрелде Окуулар башталаардын алдында “Ар кандай жакшы ишти баштардын алдында” сыйынуусу өткөрүлдү.

Окуулардын салтанаттуу ачылышы епархиянын ыктыярчыларынын курултайынын ачылышы менен бир убакта болду.

Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилдин Катышуучуларга жолдогон кайрылуусун епархиянын катчысы  протоиерей Алексей Сыромятников окуп берди.

Пленардык жыйынга Кыргызстандагы РФ Элчилигинин өкүлү Мария Власова, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын, Кызыл ай коомунун ж.б. уюмдарын өкүлдөрү катышты.

2018-жылдын 13-апрелинде Пасха окууларынын экинчи күнү Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Ташкент жана Өзбекстан митрополити Викентий өткөргөн Кудайгы сыйынуудан башталды, андан соң Окуулардын катышуучулары Ортоазиялык митрополия округунун башчысы Викентий жана епископ Даниил менен жолугушту.

Окуулардын алкагында өткөн “Руханий-нравалык тарбия берүү: православ педагогикалык салты жана азыркы жашоо” илимий-популярдуу семинарында инсанга тарбия берүү үчүн багыт катары адептик идеалдар каралды. Динден тышкары этика менен катар конфессиялык этиканын нравалык системалары, ошондой эле салттуу христиандык педагогикалык негизги түшүнүктөрү талкууланды.

Семинардын экинчи бөлүгүндө заманбап мектептеги руханий-нравалык тарбия берүү тажрыйбасына жана методикасына негизделген практикалык инструменттер сунушталды. Семинарды Москва мамлекеттик облустук университетинин жана Социалдык башкаруу академиясынын доценти Розина Ольга Владимировна өткөрдү (Россия). Семинарга ошондой эле орус тили жана адабияты жана руханий маданият мугалими Щекина Елена Исааковна катышты.

“Орус адабиятынын рухий негиздери” аталышындагы экинчи секцияда ушундай эле аталыштагы илимий-практикалык семинар өттү, анда “Орус көркөм адабиятынын контекстинде инсандын руханий-адептик баалуулуктарынын калыптануусундагы үй-бүлөнүн ролу” бет ачары менен лекция окулду. Семинардын экинчи бөлүгүндө “Адабий каарманды адептик тандоонун көйгөйлөрү” аталышында мастер-класс өттү. Лекцияны жана мастер-классты орус тили, адабияты жана руханий маданият мугалими Е.И. Щекина өткөрдү (Россия).









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.