2022-жылдын 21-сентябрында епископ Савватий Ош шаарындагы храмдын настоятели, түштүк округунун благочинныйы протоиерей Виктор менен бирге Айдаркен шаарындагы чиркөөдөгү Ыйык Кудай Эненин туулган күнүн майрамдоо аземинде кызмат өтөөдөн кийин, чек ара чыр-чатагында жабыркагандарга гуманитардык жардам берүү үчүн Баткенге келишти.
Шаардын администрациясында ал КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Гуллаев М.К., КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн экинчи орун басары Исаков Ж.М., Баткен шаарынын мэри Бурканов И.А., Баткен облусундагы Дин иштери боюнча мамкомиссиянын өкүлү Юсупов Ч.А. менен жолугушту.
Тараптар байланыштарды алмашып, чек арадагы чыр-чатактан жабыркаган жарандарга гуманитардык жардам көрсөтүү маселесинде мамлекеттик органдардын, коомдук жана диний уюмдардын кызматташуусу жөнүндө макулдашышты.
Бул учурда Баткен шаарында социалдык кызмат жана чиркөө кайрымдуулугу боюнча епархиялык бөлүмдүн координатору ишин баштады.
Абал менен таанышып, пландаштырылган жолугушуулардан кийин епископ Савватий жана аны коштоп жүргөн адамдар Сүлүктү шаарына жөнөп кетишти. Сүлүктү шаарындагы Ыйык Кудай Эне чиркөөсүндө майрам күнү дин кызматкерлерин чиркөөгө келген адамдар күтүп жатышкан, алар тез арада тынчтык орношун жана чыр-чатактан жапа чеккендерге Кудайдын жардамын тилеп сыйынышты.
Молебенден жана гуманитардык жардамды таратуудан тышкары Орус Православ Чиркөөсүнүн Кыргызстан епархиясынын делегациясы Сүлүктү шаарынын жетекчилиги менен жолугушту.
Жолугушууга шаар мэри Кадыркулов М. Т. жана вице-мэр катышты.
Сапардын жыйынтыгына таянып, Кудайдын ырайымы, мамлекеттик органдардын аракети жана жарандардын жардамы менен керектүү көлөмдөгү гуманитардык жүктөр жыйналды деп тыянак чыгарууга болот. Бирок натыйжалуу бөлүштүрүү, даректүү жардам жана жеке камкордук керек. Мындан тышкары, балдардын тамак-ашы, балдардын кийимдери, жеке гигиеналык буюмдар, ич кийим жана жөн эле адамдын катышуусу жетишсиз бойдон калууда. Үрөй учурган жагдайлардан кийин жабырлануучуларда посттравматикалык синдром пайда болот. Ошондуктан жылуу мамиле, сүйүү жана камкордук керек.
Епархиянын алдындагы социалдык кызмат жана чиркөө кайрымдуулугу бөлүмүнүн базасында штаб жана жабыркаган качкындарга гуманитардык жардам берүү борбору түзүлгөн.
Чыр-чатак болгон аймактан адамдарды эвакуациялоонун курч фазасы артта калды деп үмүттөнөбүз. «Качкындардын көйгөйү» узак мөөнөттүү формага айланып баратат, бул этапта жардамдын форматын өзгөртүү – даректүүлүккө жана жеке иштөөгө басым жасоо маанилүү. Биз четте тура албайбыз, ошондуктан Кыргыз епархиясынын Воскресенск соборунун аймагында гуманитардык жардам борборун ачып жатабыз (Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 497).
ЭМНЕ ЧОГУЛТАБЫЗ?
- АКЧА КАРАЖАТТАРЫ – муктаж болгондорго токтоосуз даректүү жардам көрсөтүүгө;
- ГИГИЕНА КАРАЖАТТАРЫ: балдар жана чоңдор үчүн бир жолу колдонулуучу жалакшымдар, аялдардын гигиеналык каражаттары, самын, кир жуугуч порошок, шампунь, сүлгү;
- ЖАҢЫ КИЙИМ: байпак (бардык өлчөмдөгү балдар жана чоңдор үчүн), ич кийим (эркектер, аялдар, балдар үчүн), жылуу трико, гамаши, колготки (бардык өлчөмдөгү);
- ЖАҢЫ БУТ КИЙИМ: күз-кыш сезонуна бардык өлчөмдөгү.
- ТАМАК-АШ АЗЫКТАРЫ: узак сакталуучу тамак-аш азыктары, балдар тамагы.
КАНТИП ЖАРДАМ БЕРҮҮГӨ БОЛОТ?
- Акчалай жардамды ЭЛСОМ: 0550 824814 электрондук капчыгына которууга болот. (Мобилдик тиркеме аркылуу которууда «сатып алуу» менюсун пайдаланып, агенттин кодун 12129 киргизүү керек. Экранда алуучунун аты менен терезе пайда болот: m**********g , бул биздин капчыктын шифрленген аталышы - miloserdie.kg. Ошондой эле нак каражаттарды социалдык кызмат жана кайрымдуулук бөлүмүнө алып келүүгө болот. Биздин дарек: Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 497, Тоголок Молдо көч. менен кесилишет.
- кийим, бут кийим жана гигиена каражаттарын Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун аймагында жайгашкан биздин чогултуу пунктубузга алып келүүгө болот.
- жардамдын башка варианттарын 0 550 824-814 (Елена Иванова), 0 555 923-565 (Надежда Хохлова) телефондору аркылуу талкуулоого болот.
ГУМЖАРДАМ КАНДАЙ ЖЕТКИРИЛЕТ?
Чек арадагы жалпы кырдаалга жараша логистика түзүлөт. Гуманитардык жүктү епархиянын өкүлү коштоп, “качкындардын колуна” жеткирүүнү көзөмөлдөйт. Жардамды бөлүштүрүү процессин натыйжалуу уюштуруу үчүн Баткен облусундагы мамлекеттик органдар жана башка кайрымдуулук уюмдар менен өз ара аракеттенебиз.
ЭМНЕ ҮЧҮН БУЛ МААНИЛҮҮ?
Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчушу биринчи жолу болуп жаткан жок. Епархиянын өзгөчө кырдаалдарда жардам берүү тажрыйбасы бар. Ошондуктан, азыртадан эле, топтолгон тажрыйбанын негизинде, биз окуялар мындан ары кандай өнүгөт деп болжолдой алабыз. Жардам берүү ниети бир нече жумадан кийин басаңдашы мүмкүн. Ал эми качкындардын кадимки жашоого кайтып келиши үчүн айлар жана жылдар талап кылынат! Практика көрсөткөндөй, ар бир конкреттүү үй-бүлөнүн өзүнүн кыйынчылыктары болот жана биз аларга ресурс мүмкүнчүлүк берген өлчөмдө жардам берүүгө аракет кылабыз.
ЭГЕРДЕ БИЗ КӨП БОЛСОК, РЕСУРС КӨП НЕРСЕНИ ЖАСООГО МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРЕТ. АЗЫР АР БИРИБИЗ ЧЕТТЕ КАРАП ТУРА АЛБАЙБЫЗ!